Тоң районунда 14 жаштагы баланы унаа сүзүп кетти

Автор -

Тоң районунда 14 жаштагы баланы унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-февраль күнү саат 12:01 чамасында Бөкөнбаев айылынын Базаров жана Тойгонов көчөлөрүнүн кесилишинде 2005-жылы тулган  Б. А. аттуу баланы унаа сүзүп кеткен.

Жерине КР ӨКМнин №38 Өрт-куткаруу кызматынын куткаруучулары барышып, жабыркаган балага алгачкы медициналык жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү