Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт

Автор -

Бүгүн, 6-февралда Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан кабарлашты.

Электр жарыгын берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

—   9:00—  18:00— Жал кичи районунда (Асаналиев, Тыналиев көчөлөрүнүн бөлүгү), Исанов көчөсүндө, Ак-Ордо жаңы конушунда;

—   9:30—  18:00—  Келечек жаңы конушунда (4,5-көчөсүндө), Көк-Жар жаңы конушунда (Куйручук, Санжыра, Ахунбаев, Улан, Арстанбап, Калмурзаев, Тоң көчөлөрүндө), Юнусалиев, Жантөшев, Кулиев, Жаш Гвардиядан Чоң Чүй каналына чейинки бөлүк;

—   9:30—  17:00— Абдрахманов, Элебаев, Жукеев-Пудовкин, Горький, Геологический тар көчөсүндө;

—   9:30—  18:00—Ала-Тоо жаңы конушунда электр жарыгы өчүрүлөт.

Бөлүшүү