Карашев: Экономика министрлиги баш болгон мамлекеттик органдар ишкерлерге тоскоолдуктарды жаратууда

Автор -

Жогорку Кеӊеште Евразия экономикалык бирлигинин алкагында ишкерлерге бирдей шарт түзүү максатында иштелип чыккан “Атаандаштык жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, ал тармактык комитеттин кароосуна экинчи окуунун режиминде кайтарылды.

Жыйында депутат Аалы Карашев ишкерлердин атаандаштыгына бирдей шар түзүп берип жатабыз дегени менен, Экономика министрлиги баш болгон мамлекеттик органдар тескерисинче ишкерлерге кошумча тоскоолдуктарды жаратып жатканын, ага сунушталган мыйзам долбоору мисал болорун айтты.

«Алардын бизге айтканы менен жазган мыйзам долбоорунун ортосунда кыйла айырма болууда», — деди ал.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү