Бишкек шаарынын айрым конуштарында электр жарыгы болбойт

Автор -

Бүгүн, 7-февралда Бишкек шаарынын айрым конуштарында  электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан кабарлашты.

Электр жарыгын берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

—   9:30—  17:00— Көк-Жар жаңы конушунда (Куйручук, Санжыра, Ахунбаев көчөлөрүндө), Белорусский, Жантөшев, Анарчинский тар көчөсүндө, Юнусалиев, Суванбердиев, Бектенов, Неженский тар көчөсү, Бийский көчөлөрүндөгү бөлүктө;

—   9:00—  14:00—Бөкөнбаев, Чуйков, Сүюмбаев, Мичурин, Тургенов, Дунайский тар көчөсү, Фиров, Гульчинский тар көчөсү, Аралский көчөлөрүндөгү бөлүктө;

—   9:00—  18:00—Лущихин, Калужский, Фрунзе, Черноморский, Кузбасский, Марат, Орлов, Медеров, Абай, Калыс-Ордо жаңы конушунда, Ак-Ордо жаңы конушунда, Шооруков, Темиров, Жал кичи районунда электр жарыгы өчүрүлөт.

Бөлүшүү