«Түкүрүк деген түшүнүктү мыйзамдан алып салгыла элге уят болбой»,-деп сунуштады депутат Рыскелди Момбеков Жогорку Кеңештин жыйынында.
Буга вице-премьер министр Жеңиш Разаков;«Негизи түкүрүк таштандыларды таштоо тууралуу күйдүрүү деген статьянын ичинде болгон. Таштандыларды ыргытуу боюнча жергиликтүү бийлик протокол түзүп чара көрөт деген жери бар. Ал эми түкүрүккө андай болбойт. Бул беренени Ички иштер министрлиги тейлейт. Ошондуктан бул жагынан түздөө болду»,-деп жооп берди.
«Менин пикиримде эч кандай түздөө болгон жок, шайкеш келген жок. Түкүрүк деген ооздон чыккан суюктук, какырык деген органдан чыккан суюктук, чимкирик деген мурундан чыккан суюктук, чүчкүрүк деген капысынан чыккан суюктук. Ошондуктан элге уят болбой түкүрүк дегенди алып салгыла. Өзүңөр айтып жатпайсыңарбы, дүйнөдө эки эле жерде бар экен Аңглия менен Россиянын бир шаарында деп. Негизги максаты маданиятты көтөрүү деп жатасыңар, маданиятты акча менен эмес, башка нерсе менен көтөрүү керек. Эки жылдан бери эшек такалап жүрдүӊөрбү? Тоок туурунда каккылдайт болуп, эми шайкеш келтирип жатабыз дейсиңер»,-деди Момбеков.