Жалал-Абадда жаш балдар өрттөн эвакуациялынды

Автор -

ӨКМдин маалыматына ылайык, 6-февралы күнү Жалал-Абад шаарындагы № 4 «Алтын балалык» мектепке чейинки мекемесинде Жалал-Абад шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан өрт-тактикалык машыгуу өткөрдү.

Маалымат катары айта кетсек, 2018-жыл ичинде Жалал-Абад облус аймагында  642  өрт кырсыгы катталып, ал эми Чаткал районунда 2 мектепке чейинки мекемеде өрт кырсыктары катталган, андан келтирилген материалдык чыгым 2 783 899 сомду түздү.

Өрттүк-тактикалык машыгуунун сценарийи боюнча балдар бакчасынын ашканасында катталган чыккан өрттү байкап калган кызматкер,өрткө каршы-куткаруу кызматына, мекеме администрациясына кабар берип,балдар бакчасынын кызматкерлери жаш балдарды коопсуз жайга эвакуация иштерин жүргүзүп, өрт өчүрүүчү каражаттар менен өрт кырсыгын өчүрүү  иштерин уюштурушкан.

Өрт өчүрүүчү-куткаруучулар машыгуу болгон жерге ыкчам жетип келишип,  өрттү чалгындап, имараттын ичинде жабырланычуларды куткарып, өрт өчүрүү иштерин өз убагында өчүрүлдү.

Машыгууга Жалал-Абад шаардык Жарандык коргонуунун коомдук коопсуздукту сактоо, медициналык кызматтары тартылды.

Машыгуунун соңунда балдар бакчасынын кызматкерлерине өрт коопсуздук эрежелерин жана өрт өчүрүү жабдууну кантип колдонуу керектигин практика жүзүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Бөлүшүү