Айнуру Алтыбаева: Кара-Суу шаарындагы санитардык абал өтө начар болуп калды

Автор -
Сүрөт: kenesh.kg

Ош облусундагы Кара-Суу району өлкөдөгү эӊ ири район болуп саналат. Шаардын базарына өз жарандарыбыздан тышкары Өзбекстандан 150 миӊге чейин адам келет.Ошого карабастан, анын борбору Кара-Суу шаарынын канализациясы жок, аны тезинен курбаса болбойт. Бул тууралуу депутат Айнуру Алтыбаева Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Келим-кетим көп болгондуктан, Кара-Суу шаарында санитардык абал өтө начар болуп калды. Бул маселени биз көп жылдан бери көтөрүп келебиз, азыркыга чейин анын жыйынтыгы жок. Кезинде канализация курууга 1 млн доллар каражат каралган, бирок азыркыга чейин иш ордунан жылбай турат. Өкмөт бул маселени көзөмөлгө албаса болбойт», — деп кошумчалады депутат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү