Балбан Акжол Махмудов бутунан жаракат алды

Автор -
213

Балбан Акжол Махмудов бутунан жаракат алып, операция жасатуу үчүн Германияга барышы мүмкүн. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Махмудов машыгуу учурунда бутун жабыркатып алган. Аны дарылатууга 1,5 миллион сомго жакын каражат керектелүүдө. Бул каражат Мамлекеттик агенттик тарабынан төлөнүп берилет.

Операция ийигиликтүү аяктаса эки-үч айдан кийин кайра күрөшкө чыга алат.

Бөлүшүү