Өзгөндө 14 жаштагы кызын зордуктоого шектелген ата эки айга камалды

Автор -

Өзгөндө 14 жаштагы кызын зордуктоого шектелген 47 жаштагы ата эки айга камалды. Бул тууралуу  Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүүнү камакка алуу чечимин 7-февралда Өзгөн райондук соту чыгарган. Соттун чечиминен кийин ал Ош шаарындагы СИЗОго киргизилди.

Өз атасы зордуктап, учурда алты айлык боюнда бар 14 жаштагы кыз туугандарынын колунда.

Белгилей  кетсек, кыздын атасы психикалык оору менен жабыркайт. Апасы 2013-жылы оорудан улам көз жумган. Кыздын кейиштүү тагдыры тууралуу алгач «Ак жүрөк» кризистик борбору маалымдаган.

Бөлүшүү