Бишкек шаары КМШнын эң романтикалуу шаарларынын катарына кирди

Автор -
442

ТурСтат аналитикалык агенттиги 14-февраль сүйүшкөндөр күнүнө арнап КМШнын эң романтикалуу шаарларынын рейтингин жарыялады. Аталган рейтинг интернет аркылуу россиялык туристтердин арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгында түзүлгөн.

Агенттиктин маалыматына ылайык, россиялык туристтердин КМШга жүргүзгөн романтикалуу саякаттоосу эс алуу жана майрам күндөрү бир жылда миллиондон ашат.

КМШдагы эң романтикалуу шаарлардын рейтингинде добуштардын 5%ын Алматы, Бишкек жана Ереван алган.

Ал эми алдыңкы эң романтикалуу беш шаар болуп: Астана , Баку , Минск,  Кишинев  жана Тбилиси аталган.

Минск, Астана жана Баку — 14% добуш, Кишинев – 10% жана Тбилиси -3/1 добуш алган.

Бөлүшүү