Новопавловка айылында турак үйдөн өрт чыгып, 26 жаштагы жигиттин бети күйүп калды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Новопавловка айылында жыгач устундуу шифер жабылган 150 чарчы метр турак үй толугу менен күйгөн.
Өрттүн кесепетинен 1992-жылы туулган Т. у М. колу жана бетинен күйүк алып, ооруканага жеткирилген, абалы орто.
«Өрттүн келип чыгуу себеби жылытуучу мештин жана мордун туура эмес түзүлүшү»,-деп айтылат маалыматта.