Улуттук онкология жана гематология борбору капиталдык оңдоодон өттү (фото)

Автор -
493

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Улуттук онкология жана гематология борборунун капиталдык оңдоодон кийинки маммология, абдоминалдык жана торакалдык хирургия бөлүмдөрүн, ошондой эле  радиологиялык корпустун 1-чи жана 2-тосмо жайларын көрүп келди.

Капиталдык оңдоонун жыйынтыгы менен Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Эрнис Тилеков тааныштырды.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, 2017-жылы онкология жана гематология борборунун корпустарын оңдоо жана реконструкциялоого 290,0 млн сом бөлүнгөн.

«2018-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кошумча 20 млн сом бөлүнгөн. Өз убагында каржылоо аркылуу учурда бардык бөлүмдөрдө оңдоо иштери аяктады», – деди ал.

Вице-премьер-министрдин айтымында, эки линейдик тездеткич (линейный ускоритель) сатып алууга сынак аяктап, анын жыйынтыгы боюнча жеңүүчү аныкталган.

«Учурда компьютердик томограф, кыска фокустук рентген-терапия жабдуусун жана рентгеноскопия жана рентгенография  үчүн аралыктан башкаруучу рентгендик аныктоочу санариптик комплексин сатып алууга келишим түзүлгөн. Ошондой эле эндоскопикалык жабдууларды, гистологиялык лабораториялык комплексти, премиум класстагы  ультра үн тутумун жана хирургиялык жабдууларды, видеобронхоскоп жана видеогастроскоп сатып алуу боюнча иштер жүрүүдө. Мунун баары «Кумтөр Голд Компани» ЖЧКсы тарабынан бөлүнгөн 7,0 млн АКШ долларына сатылып алынат», – деп билдирди вице-премьер-министр.

Белгиленгендей, Кыргыз Республикасы жана МАГАТЭ ортосундагы Өлкөлүк Программага ылайык 72 446 евро суммасына жабдуулар алынган. Ошондой эле Кыргыз Республикасында радиациялык коопсуздук боюнча Көзөмөл жөнгө салуу органы – Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги түзүлгөн.

Биринчи фаза боюнча бир фотондуу эмиссиялык компьютердик томография, генераторлор менен иштөө үчүн коргоочу шкаф орнотулду. Ал эми экинчисинде, керектелүүчү материалдар жана радиофармацевтикалык дармектер алынды. Ядролук медицина бөлүмүндө капиталдык оңдоо радиациялык коопсуздуктун бардык ченемдерин сактоо менен жүргүзүлдү.

2019-жылдын экинчи кварталында KIG 6007 долбоорунун алкагында ядролук медицина бөлүмүнө коргоочу-технологиялык жабдуулар жана реагенттүү Технеция-99М генераторлорун алуу пландалууда.

«2020-2023-жылдары билдирме жөнөтүлүп, ал боюнча брахитерапия үчүн жабдууларды сатып алуу пландалып жатат. Мунун баары өлкө жарандарын сапаттуу медициналык жардам менен өз убагындагы камсыздоо жана аларга дарылануу үчүн бардык ыңгайлуу шарттарды түзүүгө шарт түзөт», – деп белгиледи вице-премьер-министр.

Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, бул багыттагы иштер улантылат.

Кыдыруунун жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине онкологиялык жана гематологиялык ооруларды алдын алуу боюнча жалпы республикалык акцияны баштоону тапшырды.

Бөлүшүү