Сокулукта турак үйдөн өрт чыгып, 26 жаштагы жигиттин бети күйүп калды

Автор -

Новопавловка айылында турак үйдөн өрт чыгып, 26 жаштагы жигиттин бети күйүп калды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Новопавловка айылында жыгач устундуу шифер жабылган 150  чарчы метр  турак үй толугу менен  күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 1992-жылы туулган Т. у М. колу жана бетинен күйүк алып, ооруканага жеткирилген, абалы орто.

«Өрттүн келип чыгуу себеби жылытуучу мештин жана мордун туура эмес түзүлүшү»,-деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү