Америкадагы кыргыздар: Америка 61 жаштагы апанын көзү менен (Видео)

Автор -
924

Кыргызстандык журналист Гүлайым Мурзаева Америкадагы кыргыздардын жашоосун чагылдырып, ал жактагы мекендештерибиздин жашоо шарты, кызыктуу окуялары жана албетте өзүнүн кеӊештери менен бөлүшүп келет.

Журналистин бүгүнкү каарманы Жаркын Сабирова. Ал 61 жашта. Жаркын эже Америкага неберелерин караганы келгени менен, кол куушуруп бекер олтурбай онлайн буюртма менен түрдүү даамдарды жасайт.

«Мен Америкага келип максат койгонду үйрөндүм. Неберелерим болгону үчүн ушул шаарга келип калдым. Бул жерде адамдар картайдым деп эле отуруп калбай, жер кезип, жашоодон ырахат алып жашайт экен. Балким ошол себептен узак жашашат«,-дейт Жаркын эже.

Массалык маалымат каражаттарына:

Видеону автордун уруксаатысыз колдонууга тыюу салынат.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү