Акылбек Жапаров: Ок атуучу куралдардын сый акы өлчөмүн кескин көтөрүү керек

Автор -

Ушу тапта милиция органдарында жарандардын 39872 ок атуучу куралы каттоодо турат. Андан тышкары, 2010-жылдагы окуя учурунда жоголгон 633 куралдын изи табыла элек. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев Жогорку Кеӊеште “Курал” жөнүндө КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу” мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди.

«Ошондой эле, 1621 тапанча белекке тартууланган. Милиция органдарында катталбаган куралды өз ыктыяры менен өткөрүп берген адамдарга сыйакы каралган. Мисалы, гранатамет менен пулеметторго – 16 миӊ сом, автоматка – 9600 сом, тапанча же мылтыкка – 6400 сом, обрезге – 3200 сом», — деди ИИМ өкүлү.

Сыйакы өлчөмү өтө эле төмөн экенин белгилеген депутат Акылбек Жапаров аны кескин көбөйтүү зарылдыгын айтты.

«Жоголгон куралдарды ушунча жылдардан бери таба элек экен. Жогоруда айтылган акчага эч ким куралды өткөрүп бербейт, ошондуктан ок атуучу куралдардын баасын так аныктоо керек. 1 миӊ доллардан кем болбоого тийиш, ошондо гана 2010-жылы жоголгон куралдар табылышы мүмкүн», — деди ал.

Ал эми депутат Калдарбек Баймуратов 2010-жылы курал-жарак ички иштердин райондук бөлүмүнөн жоголгонун эске салды.

«Куралдар убагында коопсуз жерге алынып кеткен эмес. Мындай кырдаал дагы кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошондуктан, куралдын жоголушуна тиешеси бар кызмат адамдарынын жоопкерчилигин караш керек болчу», — деди ал.

Бөлүшүү