Кыргызстандын түрмөлөрүндө 360 чет өлкөлүк жаран жаза өтөөдө

Автор -

Кыргызстандагы абактарда 360 чет өлкөлүк өз жазасын өтөп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кенештин жыйынында ИИМ башчысынын орун басары Курсан Асанов билдирди.

Анын айтымында, башка өлкөлөрдүн жарандарын жаза мөөнөтү аяктагандан кийин өлкөдөн чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыгууда.

«Мурда мындай норма жок болчу. Бул жакта соттолгон чет өлкөлүктөр кайда кеткенин эч ким билчү эмес»,-деп билдирди Асанов.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү