Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы унаа базарынын жанынан cөөгү табылган 18 жаштагы мектеп окуучусунун өлүмүнө шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүү катары 8 жаран кармалган. Алар өч алуу максатында аны таяк менен сабашкан.
«Ыкчам-тергөө тобу тарабынан шектүү катары 19 жаштагы Н.Т., 17 жаштагы Ж.С., С.Д., А.А., К.А. жана 16 жаштагы Т.Т., Т.Э. аттуу мектеп окуучулары кармалды. Алардын айтымында, маркум өткөн жылдын декабрь айында кармалган жарандардын биринин телефонун алып, сабап койгон. Мындан улам алар өч алуу максатында 11-февралдан 12-февралга караган түнү маркумду чакырып чыгып, таяк менен сабашкан. Маркум алган жаракаттарынан улам көз жумган»,-деп айтылат маалыматта.
Учурда кармалган жарандарга карата Кылмыш-жаза кодексинин «адам өлтүрүү» беренеси менен иш козголду. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген.