Өткөн жылы өлкөгө кирген чет элдик жарандардын саны 7 миллионго жеткен

Автор -

Өткөн жылы өлкөгө кирген чет элдик жарандардын саны 7 миллионго жеткен. Бул тууралуу  Мамлекеттик Чек ара кызматынын башчысынын орун басары Курманбек Исаков Жогорку Кеӊештин жыйынында  билдирди.

«Кыргызстанга кирип кайра чыкпай жүргөн канча чет элдик жаран бар? Чыкпай калган адамдар кайда, эмне кылып жүрөт сиздерде маалымат барбы? Бул боюнча кайсы орган иш алып барат?» — деп суроо берди депутат Калдарбек Баймуратов.

«2018-жылы өлкөгө киргендердин саны 7 миллион 57 миң 69 адам, чыккандардын саны 6 миллион 930 миң 897 адам. Жыл сайын мындай көрсөткүчтөрдүн маалыматы түзүлүп турат. Эмне себептен чыкпай жүргөнү боюнча маалымат жок», — деди Исаков.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү