Тоң районунда унаа жолдон чыгып кетип, 5 адам жаракат алды

Автор -

ӨКМдин маалыматка ылайык, 12-февраль күнү саат 16:16да Бөкөнбаев айылынан Коргонду-Булак айылына баруучу унаа жолдун 13-чакырымында Нива  үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жолдон чыгып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 5 адам  ар кандай жаракаттарды алышкан.

КР ӨКМнин №38 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тарабынан биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, тез жардам кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

«Жабыркаган адамдар райондук оорукагана жеткирилген. Абалдары жакшы»,-деп айтылат маалыматта.