Оштогу автоунаа базарында автоматтык тосмо орнотулат

Автор -

Кечээ, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муниципалдык “Жапалак” автоунаа базарына барып, алдыда аткарылуучу иштерди талкуулады.

Калаа башчысы унаа базардыгы башаламан жайгашкан тамактануучу жайларды жана соода-түйүндөрүн ирээтке келтирүүнү, кардарларга, сатуучуларга ыңгайлуу шарттарды түзүүнү колго алууну тапшырды.

Айта кетсек, унаа базардын аянтынан чогулган ижара үчүн төлөмдөр 2017- жылы 15 млн сомду түзсө, 2018-жылы — 17,6 млн сомду түзгөн. Бул жылы унаа базардын кирүүсүнө электрондук карталарды колдонуу менен автоматтык тосмо (шлагбаум) орнотуу жана унаа базардын айланасын тосуу иштери пландалган.

Мындан сырткары, унаа базардагы кирешени көбөйтүү жана аянтын кеңейтүү планы коюлууда. Учурда унаа базардын жалпы аянты 9,4 га түзөт. Автоунаа базарына жумасына 2,5 миңге жакын автоунаа кирип чыгат.

Бөлүшүү