Өкмөт истүү газдан балдары ууланган Таштанбековдордун үй-бүлөсүнө 100 миң сом бөлдү

Автор -

Мухаммедкалый Абылгазиев өрттүн натыйжасында истүү газдан балдары ууланган Таштанбековдордун үй-бүлөсүнө 100 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө буйрукка кол койду.

Өрттүн кесепетинен бул үй-бүлө жашаган «Келечек» конушундагы үй толугу менен өрттөнүп кеткен. 12-февралда, Бишкек шаарындагы Балдардын медициналык тез жардам көрсөтүүчү клиникалык ооруканасынын реанимациялык бөлүмүндө жаткан (№3 балдар ооруканасы) Таштанбековдордун үч баласынан Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова кабар алып келген.

Бүгүнкү күнү балдардын абалы туруктуу оор деп бааланууда. №3 балдар ооруканасынын медициналык кызматкерлери аларга күнү-түнү медициналык кам көрүп жатышат.

Бөлүшүү