Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны өтүүдө

Автор -

Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында бүгүн, 15-февралда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны өтүүдө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү тарабынан Кыргыз Республикасын 2018-жылы социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маселе каралды.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жылды региондорду өнүктүрүүнүн жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын жана 2018-2022-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасынын региондук саясат концепциясын аткаруунун жүрүшү тууралуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги №2377-VI токтому менен бекитилген  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” программасын ишке ашыруу боюнча 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн планын бекитүү жөнүндө маселелер каралат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү