Парламент Бишкек ЖЭБи боюнча кабыл алган токтомунун аткарылышын улантуу жөнүндө чечимге келди

Автор -

Жогорку Кеӊеш жыйынында 2018-жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин изилдөө жана Бишкек ЖЭБин реабилитациялоо үчүн алынган 386 миллион доллар өлчөмүндөгү насыянын сарамжалдуу пайдаланылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө токтомдун аткарылышынын жүрүшү тууралуу Өкмөттүн маалыматы угулду. Жыйынга биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрү, тийиштүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеӊештин токтомун аткаруу алкагында бир катар иштиктүү чаралар көрүлүп, Бишкек ЖЭБинде оӊдоо иштери жүргүзүлгөнүн билдирди. Ал эми башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептери териштирилип, тергөө жыйынтыгында бир топ жаӊы жагдайлар ачыкка чыкканын белгиледи. «Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча бир катар кызмат адамдарына кылмыш иштери козголуп, азыр сотто каралып жатат. Андан тышкары, Бишкек ЖЭБин модернизациялоого алынган 386 млн доллар насыя каражатынын жумшалышы боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында бир топ кызмат адамдарына кылмыш иши козголуп, азыр ал сотко өткөрүлдү», — дейт ал.

Суроо-жооп жүрүшүндө Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча ратификациялык мыйзам долбоорун кабыл алган парламенттин жоопкерчилиги боюнча маселе көтөрүлдү. башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов мында парламент тарабынан эч кандай мыйзам бузуу болбогондугун билдирди. Депутат Каныбек Иманалиев парламенттен өткөн келишим – базалык келишим экенин, ал эми ошол мезгилдеги каржы министри кол койгон келишим – каршылык келишим, энергетиканы тейлеген министр кол койгон келишим – техникалык келишим болуп саналарын чечмелеп берди.

Берилип жаткан маалыматтардан Бишкек ЖЭБин модернизациялоого кеткен чыныгы бааны чыгаруу боюнча жүргүзүлгөн комплекстүү соттук-курулуш экспертизанын жыйынтыгында 271 млн доллар каражатка ЖЭБди модерназациялоого болору ачыкталгандыгы маалым болду. Депутат Каныбек Иманалиевдин суроосунан кийин Кытайдын ТВЕА компаниясы Кыргызстанга келгенде мурдагы депутат Аскарбек Шадиев менен байланышта болгондугу айтылды. Анын жеке компаниясынын бухгалтери кийин ТВЕА компаниясында бухгалтер болуп иштегени да ачыкка чыкты.

Бишкек ЖЭБинин директору Андрей Воропаев ЖЭБди модерниазциялоо менен анын ишинин натыйжалуулугу артканын белгиледи.

Жыйында Бишкек ЖЭБин модернизациялоого алынган 386 млн доллар каражатындагы насыяны 492,4 млн доллар каражаты кылып төлөнө тургандыгы (пайыздык кошундусу 106 млн доллар) сынга алынды. Бул каражатка ЖЭБдин 30 пайызы модернизацияланган.

Бир катар эл өкүлдөрү өлкөнүн тышкы карыздарын төлөөнүн жогорку мөөнөтү келе жаткандыгын айтып, андыктан, желип кетти делген каражаттарды кайра кайтартууга жетишүү керектигин белгилешти. Депутаттар Кенжебек Бокоев, Нурбек Тотонов аткаруучу компания болгон «ТВЕА» компаниясынын жоопкерчилиги каралып-каралбасына кызыгышты. Күч органдарынын жетекчилеринин айтымында, ошол кездеги мамлекеттик органдардын тиешелүү жетекчилери мамлекеттин кызыкчылыгы корголбогон келишимге кол койгон жана аларга коррупция боюнча беренелер менен иш козголуп, сотко өтүп жатат. Ал эми ТВЕА компаниясына карата иликтөөлөр дагы жүрүп жатат. Ошону менен катар 386 млн доллар кытайдын «Эксимбанкынан» ТВЕА компаниясына которулганы, ал компаниядан айыпталып жаткан кыргыз чиновниктерине каражат бергендиги боюнча маселе иликтенип жаткандыгы кошумчаланды. Депутат Кенжебек Бокоев ЖЭБди модернизациялоо боюнча ТВЕА компаниясына сапатсыз курулуш иштерин жүргүзгөндүгү боюнча иш козгоону талап кылды.

Мындан сырткары, эл өкүлдөрү Өкмөт тарабынан аталган компания менен түзүлгөн келишимде өлкө кызыкчылыгына туура келбеген жагдайлар жаатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча иш-аракеттер боло электигин такташты.

Жыйынтыгында айтылган пикирлерди жана берилген сунуштамаларды эске алуу менен, Жогорку Кеӊештин токтомундагы белгиленген тапшырмаларды аткарууну улантуу жөнүндө токтом кабыл алынып, Өкмөткө бир катар тапшырмалар берилди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү