Бишкек шаарында айдоочу унааны башкара албай электр карагайын сүзүп алды

Автор -

Бишкек шаарында айдоочу унааны башкара албай электр карагайын сүзүп алды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-февраль күнү саат 08:22 чамасында Интергельпо жана Ден Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде  Лексус-470” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып, электр карагайын сүзгөн.

Жол кырсыгынын кесепетинен 1 адам жабыркаган.

КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары жабыркаган адамды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.