Москвада 10го чукул адам катышкан мушташтан 2 адам каза болду (Видео)

Автор -
346

Өткөн жекшембиден дүйшөмбүгө караган түнү Москвадагы Волгоград проспектисинде болгон калайман мушташтан эки адам каза тапты. Тергөөнүн версиясына караганда, уруштун чыгышына машине жуучу комплексте иштеген жумушчулар ортосунда башталган чыр себеп болгон.

Маалымат каражаттары мушташка 10го чукул адам катышканын, алардын баары өзбекстандыктар экенин жазышты.

Өткөн жуманын ортосунда Госпитальная көчөсүндө болгон мушташта да ок атылып, үч киши жаракат алган. Анда 15 киши кармалганы кабарланды.

Ушул эле апта ичинде Печатники районундагы «Неолит» кафесинин жанында 50дөй киши катышкан уруш катталганын «МК» басылмасы жазды. Гезит өз булактарына таянып кабарлагандай, бул мушташтын чыгышына азербайжандыктар менен чечендердин ортосундагы этникалык себептерден улам уланып келаткан чыр себеп болгон. Уруш учурунда ок жаңырып, кафенин ичи жана кожоюнунун автоунаасы талкаланган. Төрт адам жаракат алганы он эки киши кармалганы маалымдалган.

Орусиянын Тергөө комитети окуя учурунда тартылып алынган видеону жарыялады: