Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 17-февраль күнү саат 10:44тө Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Маалыматка ылайык, жер титирөө Кара-Көл шаарында жана Токтогул районунун Саргата, Үч-терек, Бор-Дөбө айылдарында 3,5 баллга, Жетиген, Кара-Жыгач айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.