Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 6 адам жабыркады

Автор -

Жайыл районунда жол кырсыгы катталып, 6 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-февраль күнү 05:15 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 162-чакырымында “Мерседес-Бенц-Спринтер” үлгүсүндөгү унаа жолдун четинде токтоп турган “Мерседес-Бенц-Гигант” үлгүсүндөгү унаанын артынан келип сүзгөн.

Жол кырсыгынын кесепетинен 6 адам ар кандай жаракат алышкан.

КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун куткаруучулары жерине барып, кыпчылып калган 2 адамды чыгарышкан.

Жабыркагандар тез жардам кызматы тарабынан Жайыл райондук ооруканага жеткирилген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү