Жалал-Абад облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Автор -

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын  Сейсмология институтунун маалыматына ылайык,  17-февраль күнү саат 10:44тө  Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Маалыматка ылайык, жер титирөө Кара-Көл шаарында жана Токтогул районунун Саргата, Үч-терек, Бор-Дөбө айылдарында  3,5 баллга, Жетиген, Кара-Жыгач айылдарында  3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бөлүшүү