Адам урдоо жана опузалап акча талап кылуу менен алектенген кылмышкер кармалды

Автор -
452

Адам урдоо жана опузалап акча талап кылуу менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн бири кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 12-февраль күнү милицияга белгисиз адамдар Жалал-Абад шаарынан 28 жаштагы Сузак районунун жашоочусун уурдап кетишип, акча талап кылып жатышкандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Туугандары болсо, кылмышкерлер жабырлануучуну күч колдонуп “Хонда Фит” үлгүсүндөгү автоунаага салышып, белгисиз тарапка алып кетишкендигин билдиришкен. Бир аз убакыт өткөндөн кийин кылмышкерлер туугандарына чалышып, 20 000 АКШ долларын талап кылышкан.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жалал-Абад ШИИБдин Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки иликтөөлөр башталган.

Болжолдуу алынган маалымат боюнча белгисиз жарандар Сузак районунун жашоочусун алдоо жолу менен көчөгө чыгарышып, андан соң сабашып, автоунаага салып кетишкен.

Жабырлануучунун досу жардам берүүгө аракет кылганда аны дагы сабышып, уюлдук телефонун тартып алышкан. Күбөөлөр тарабынан көрсөтүлгөн “Хонда Фит” үлгүсүндөгү автоунаанын мамлекеттик номурун текшерүүдө уурдалган болуп чыккан.

Аталган кылмыш ишинин оорлугуна байланыштуу коомдук резонанс жараткан окуянын жагдайын иликтөөгө ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 2-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тартылган.

13-февраль күнү болжол менен 23:00 чамасында шаардын кичирайондорунун бириндеги батирде жардам берүүгө чакырган үн чыгып жаткандыгы тууралуу Бишкек ШИИББдин “102” кызматына кабарлашкан.

Окуя болгон жерге Биринчи май РИИБдин ыкчам-тергөө тобу барышып, жогоруда көрсөтүлгөн батирде барымтага алынган эркек адам бар экендигин аныкташкан. Төрт кылмышкер барымтага алышкан адамды батирде мыйзамсыз кармап жүрүшкөндүгү маалым болгон. Жабырлануучуну байланган бойдон таштап коюшуп, алар чыгып кетишкен. Ошол учурда жабырлануучу колун бошотууга үлгүрүп, жардам берүүгө чакыра баштаган. Ошол эле убакытта ыкчам кызматкерлер шектүү жактардын өздүгүн тактоо жана аларды кармоо боюнча иштерди улантышып, комплекстүү ыкчам-издөө иш-чаралар жүргүзүлүп жаткан.

Тиешелүү иштер жүргүзүлүп, мурда соттолгон адамдар текшерилип, кылмышкерлердин маршруттук каттамдар боюнча багыттары изилденип, күбөөлөр суракка алына баштаган.

Аталган мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар делген жактарды тыкыр текшерүнүн натыйжасында шектүүлөр айдап жүргөн автоунааны тактоого мүмкүн болгон.

Жакында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгынын жана Жалал-Абад ОИИБдин КМКнын кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышты жасоого шектелгендерди бирөөсү кармалган. Кармалган жаран Ош облусунун Өзгөн районунун 1998-жылы туулган З.Б. аттуу тургуну болот. Болжолдуу маалымат боюнча З.Б. аттуу жаран Россиянын аймагында жасаган кылмыш иши үчүн мурда соттолуп, кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Азыркы убакта адамды уурдоо жана опузулап талап кылууга шектелген дагы үч жаранды кармоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат.

 

Бөлүшүү