Кыргыз бильярдчылары Орусиядагы дүйнө чемпионатына катышат

Автор -

Кыргыз бильярдчылары Орусиядагы дүйнө чемпионатына катышат.  Бул тууралуу  Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-февралдан 3-мартка чейинки аралыкта Ханты-Мансийск шаарында (Орусия) бильярд спортунун кураштырма пирамида түрү боюнча дүйнө чемпионаты өтөт.

Мелдешке Орусия, Белоруссия, Украина, Казакстан, Кыргызстан, Азербайжан, Молдова, Монголия, Финляндия, Армения, Грузия, Литва, Латвия, Эстония, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана башка мамлекеттердин спортчулары катышат.

Аталган мелдешке Кыргызстандын курамынан 3 спортчу аттанат: Дастан Лепшаков, Ызатбек Ратбеков жана Канат Сыдыков. Команданын башкы машыктыруучусу Күмүшбек Дүйшөбаев.

Улуттук курама команда аталган мелдешке Спорттук олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциянын эсебинен жөнөп жатат. Дирекциянын бюджетинен 239 миң сом каралган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү