Бишкекте 520 биринчи класстын болочок окуучулары электрондук каттоодон өттү

Автор -

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, Бишкекте 520 биринчи класстын болочок окуучулары электрондук каттоодон өттү.

Ведомствонун маалыматына ылайык, азыркы учурда “Мектепке электрондук каттоо” системасында 520 арыз катталды.

mektep.edu.gov.kg сайтына 8000ден ашык адам кирген.

“Мектепке электрондук каттоо” долбоору – бул мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына мектеп курагындагы (6-7 жаш) балдарды автоматтык түрдө каттоону камсыз кылган маалыматтык система. Долбоор Бишкек шаарында ишке киргизилди.