Ош шаарындагы батирлердин биринен аял кишинин сөөгү табылды

Автор -

Ош шаарындагы батирлердин биринен аял кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  19-февраль күнү саат 19:12де КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Масалиев көчөсүндөгү №57 үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Батирдин ичинен 1931-жылы туулган Д.С. аттуу аял кишинин жансыз денеси табылган.

Куткаруучулар маркумдун сөөгүн  ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Бөлүшүү