Жалал-Абадда айдоочу рулду башкара албай унаа оодарылып калды

Автор -

Жалал-Абадда айдоочу рулду башкара албай унаа оодарылып калды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-февраль күнү саат 09:25де Тайгараев айылында   “Oпел-Агила” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып оодарылып кеткен, кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.

Жерине КР ӨКМнин Тоо-кен куткаруу кызматынын 5-Өзүнчө мобилдик тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары барышып, унааны жолго чыгарып беришкен.

 

Бөлүшүү