Кызыл-Кыя шаарындагы жол кырсыгынан 4 адам жабыркады

Автор -

Кызыл-Кыя шаарындагы жол кырсыгынан 4 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-февраль күнү саат 01:59да Кулатов көчөсүндө “Ласетти”  жана “Портер” үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Жол кырсыктын кесепетинен 4 адам ар кандай жаракат алган, жаракат алгандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү