Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, төмөнкүлөр жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулду:
— Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Таалайбек Ажиев
— Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Улан Доконбаев
— Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Жумгалбек Дүйшебаев
— Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Масалбек Мырзамамытов
— Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Майорбек Сатымкулов
— Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Азамат Эсенбеков.
Бул чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы жыйынынын протоколдук чечимине ылайык кабыл алынды.