Жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн 2 министр жана 8 жетекчиге сөгүш жарыяланды

Автор -

Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун, ошондой эле мамлекеттик администрацияларынын айрым жетекчилерине сөгүш жарыяланды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесинин 2-бөлүгүнүн 25 жана 26-пункттарына ылайык, жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн:

— Кыргыз Республикасынын экономика министри Олег Панкратовго;

— Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевага;

— Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттигинин директору Адилбеку уулу Шумкарбекке;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиевге;

— Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимовго;

— Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбековага;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевге;

— Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрация башчысы-акиминин орун басары Рахат Исаковага;

— Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик администрация башчысы-акиминин орун басары Ниязбек Козуевге;

— Ош облусунун Араван районунун мамлекеттик администрация башчысы-акиминин орун басары Музафаржон Мамасаидовго сөгүш жарыяланды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү