Жалал-Абал облусунда жер титирөө катталды

Автор -

КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2019-жылдын 24-февраль күнү саат 07:14тө Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Жалал-Абад шаарында 2 баллга жана Сузак районунун Чеке-Дөбө айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бөлүшүү