«Коопсуз шаар» долбоорунун II фазасынын алкагында дагы камералар орнотулат (тизме)

Автор -
228

Бишкек жана Чүй облусунда «Коопсуз шаар» долбоорунун II фазасынын алкагында 12нен 16-мартка чейин камералар орнотулат. Бул тууралуу КР Технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Бишкек шаарында төмөнкү көчөлөрүндө камера орнотулат:

— Бөкөнбаев — Манас;
— Чүй — Манас;
— Чүй — Павлов;
— Жибек Жолу — Манас;
— Махатма Ганди — Боталиев;
— Жибек Жолу — Курманжан Датка;
— Ахунбаев — Байтик Баатыр;
— Чүй — Абдрахманов;
— Байтик Баатыр — М.Горький;
— Шабдан Батыр көчөсүндөгү көпүрө;
— Ибраимов көчөсүндөгү көпүрө.

Камералар 2019-жылдын 12-мартында орнотулат.

Чүй облусундагы үч негизги трассада камера орнотулат:

Бишкек-Ош:

— 154,3-чакырымдарда (12-мартта);
— 160-чакырымда (13-мартта).

Бишкек – Чалдовар:

— Кара-Балта шаарындагы «Мээрим» дүкөнүнүн маңдайы, 61,6-чакырым (12-мартта);
— Алексеевка айылы, 66-чакырым (13-мартта);
— Вознесеновка айылы, 67,3-чакырым (14-мартта);
— Панфилов айылы, 74-чакырым (15-мартта);
— Панфиловка айылы, 78,2-чакырым (16-мартта).

Бишкек – Торугарт:

— Киргшелк айылындагы «Газпромдун» жанында 17,7-чакырым (12-мартта);
— Люксембург айылындагы «Бишкек Петролеумдун» жанында 18,8-чакырым (13-мартта);
— Люксембург айылы, Ленин-Западный көчөлөрүнүн кесилиши, 20-чакырым (14-мартта);
— Кант шаарындагы «Газпромдун» маңдайында, 25-чакырым (15-мартта);
— Красная-речка айылындагы Ленин көчөсү 151-үй, 31,7-чакырым (16-мартта).

Бөлүшүү