Жалал-Абадда 2,5 килограмм салмактагы гашишти ташып жүргөн шектүү кармалды

Автор -

Жалал-Абад облусунун аймагынан 2,5 килограмм салмактагы гашишти ташып жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 22-февраль күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Бишкек-Ош унаажолунда ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда “Чычкан” стационардык постунан “Тайота” үлгүсүндөгү автоунаасы токтотулган. Жеңил автоунааны 40 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну М.О. аттуу башкарып келе жаткан. Автоунаанын ичин текшерүүгө алган учурда 190 даана ширеңке кутучасындай даярдалган 2 килограмм 460 грамм салмактагы “гашиш” баңги каражаты табылган.

Азыркы учурда жогорудагы кылмыш ишине тиешеси барларды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Жогорудагы факты боюнча сотко чейинки иликтөө жүрүп жатат.