Ысык-Көлдө унаа бакты сүзүп алып, 3 адам жабыркады

Автор -

Ысык-Көл облусунда унаа бакты сүзүп алып, 3 адам жабыркады.

ӨКМдин маалыматына ылайык, 26-февраль күнү саат 19:25де Маман айылында «ВАЗ-2106» үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып бакты сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 3 эркек адам жабыркаган.

КР ӨКМнин  №15 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары унаада кыпчылып калган айдоочуну чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Ал эми жабыркагандар тез жардам кызматынын унаасында Каракол шаардык ооруканасына жеткирилген.