Араван-Ак-Буура каналында убактылуу суу токтотулат

Автор -
298

«2019-жылга карата Ош шаарынын, Кара-Суу жана Араван райондорунун суу пайдалануучуларынын эгин талааларына сугат суу жеткирип берүүнү жакшыртуу үчүн Араван-Ак-Буура каналында 1-марттан тарта  суу токтотулат»,-деп билдирди Ош шаардык мэриясынын басма-сөз кызматы .

Маалыматка ылайык, ал жерде капиталдык оңдоо, тазалоо жана кеңейтүү жумуштарын аткарылат.  каналга суу берүү убактылуу токтотулат.

Оңдоо-курулуш жумуштары 2019-жылдын апрель айына чейин жүргүзүлөт.