Кыргыз-тажик чек арасында жер титирөө катталды

Автор -

Кыргыз-тажик чек арасында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-февраль күнү саат 06:39да Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Алай районунун Бор-Дөбө айылында  2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бөлүшүү