Депутат: «Коопсуз шаар» – жакшы долбоор, бирок аны жеке кызыкчылыгына пайдаланууну көздөгөндөр бар

Автор -

Жарандардын кайрылуулар түшүүдө, жаӊы кабыл алынган мыйзамдардын шылтоосу менен жол коопсуздугун сактоо кызматкерлери автомашина айдоочулардан алчу паралардын өлчөмүн кескин көбөйтө баштады. Бул тууралуу депутат Дүйшөн Төрөкулов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Коопсуз шаар» – жакшы долбоор, мыйзамдар да жакшы, айыппулдар көтөрүлдү. Бирок, аны өздөрүнүн жеке кызыкчылыгына пайдаланууну көздөгөн немелер да жок эмес. Өкмөт, укук коргоо органдары, анын ичинде Ички иштер министрлиги жол коопсуздугун сактоо кызматкерлеринин мындай жосунун көзөмөлгө алышы керек», — дейт депутат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү