Президент: Ирригация боюнча мамлекеттик программаны ишке ашырууда амбициялуу максаттарды коюп жатабыз

Автор -

«Ирригация боюнча мамлекеттик программаны ишке ашырууда биз амбициялуу максаттарды коюп жатабыз. Талаптар жогору. Программага ылайык 2026-жылга чейин 65 миӊ гектардан ашык жаңы сугат жер өздөштүрүлөт», — деп эске салды Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков шаршемби, 27-февралда, Бишкек шаарында өтүп жаткан «Кыргыз Республикасы: региондук өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» аттуу конференцияда.

Программанын алкагында маселелер комплекстүү чечилет — жумушчу орундар түзүлөт, муну менен ички миграция токтойт. Пландалгандай, жаңы калктуу конуштар, чарбалар пайда болот, 240 миӊден ашуун иш орду түзүлөт.

Эске салсак, программадагы долбоорлор 3 топко бөлүнгөн. Биринчи топко кирген 14 обьектилерди куруунун каржы булактары аныкталган. Бул топко Кытай гранты, Ислам өнүктүрүү банкынын кредити жана республикалык бюджеттен каржыланчу объектилер киргизилген.

Экинчи топко кирген 17 объектилер инвесторлордун жардамы менен курулат, азыр сүйлөшүүлөр аяктап калды. Биринчи жана экинчи топтогу долбоорлор 2023-жылга чейин ишке ашат. Анын алкагында жалпы суммасы 18 млрд. сомду түзгөн 31 суу-чарба объектилери ишке берилет. Натыйжада 27 миӊ гектар жаӊы сугат жер пайда болот.

3-топтун долбоорлорун ишке ашыруу үчүн каржылоонун булактары азырынча аныктала элек.

“Эми Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги ушул багыттагы иштерди илгерилетиши керек. Өздөрү келген донорлор менен гана иштеп, донор күтүп отура бербегиле. Өнөктөш, донорлорду өзүӊөр да издегиле. Демилгелерди көтөрүп, активдүү иш алып баргыла”, — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Бөлүшүү