Эмил Токтошев: Бензиндин чекене баасы 30 сомдон ашпоого тийиш, а биздечи?

Автор -
351

Өлкө аймагында сатылып жаткан бензиндин дүӊ жана чекене баасынын ортосундагы айырма 20 пайыздан ашып кетти. Ал эми Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысынын айтымында, ал айрыма 10 пайыздын тегерегинде экен. Эгер андай болсо, бензиндин чекене сатык баасы 30 сомдон ашпоого тийиш, а биздечи? Бул тууралуу депутат Эмил Токтошев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Жазгы талаа жумуштары башталып калды. Биз дыйкандар үчүн күйүүчү майдын баасын арзандаталбай отурабыз. Бензиндин баасындагы айырма өтө чоӊ болуп жатпайбы. Андан кимдер пайда табышат, аны көрүп турабыз. Мен бул маселе боюнча Антимонополиялык агенттикке кайрылгам, эмдигиче жообу жок, ал өз милдетин аткарбай калды, Өкмөт тийиштүү чараларды көрүшү керек», — дейт депутат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү