Жалал-Абадда өрттөн бир адам көз жумду (ФОТО)

Автор -

«КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан райондук, шаардык бөлүмдөрү менен биргеликте өрткө каршы жүргүзүлгөн иш-чараларга карабай, 2019-жылдын 2 айында  облус аймагында 64 өрт кырсыгы катталып, келтирилген материалдык чыгым 7 млн. 571 миң 444 сомду түздү»,-деп билдирди ӨКМдин маалымат кызматы.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен 1 жаран каза болуп, 3 жаран жарат алган.

Өткөн 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өрт кырсыгынын саны 24 % азайганы менен, өрттөн келтирилген материалдык зыян 77,2 % өскөн. Тактап айтканда, 2018-жылдын 2 айында 85 өрт кырсыгы катталып, өрттөн келтирилген материалдык зыян 4 млн. 273 миң 515 сомду түзгөн.

Эң көп катталган өрт кырсыктары булар электр жабдыктарын колдонууда эрежелердин бузулушусу (28 өрт), мештерди колдонууда эрежелердин бузулушусу (12 өрт), отко этиятсыздык менен мамиле кылуу (6 өрт) келип чыкса, 49 өрт (жалпы өрт кырсыгынын 76,6 % түзөт) турак-жай секторунда катталып, келтирилген зыян 6 млн. 861 миң 426 сомду (жалпы чыгымдын 90 %) түздү.

Такталган маалыматка таянсак, 27-февраль күнү Жалал-Абад шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн байланыш түйүнүнө, Жалал-Абад шаарынын Г.Базарбаев көчөсүндө бир шаар тургуну турак үй ичинде кулптанып калгандыгы тууралуу кабар келип түшкөн.

Куткаруучулар ыкчам жетип барышып, эшикти ачканда кулптанып калды делген 1959-жылы туулган С.В.К. турак үй ээсинин өрттөн жабыркаган жансыз денесин табышкан жана укук коргоо органдарына өткөрүп беришкен.

Учурда каза болгон адамдын өлүмүнүн себеби, өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Бөлүшүү