Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 28-февраль күнү саат 10:55те Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Алай районунун Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга, ал эми Арча-Булак айылында 2 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.