Тапанча менен коркутуп, коомдук тамактануу мекемесинин кассасын тоногон кылмышкер кармалды (Видео)

Автор -
256

Курал менен коркутуп, коомдук тамактануу мекемесинин кассасын тоногон кылмышкер кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  20-февраль күнү болжол менен саат 22:50 чамасында кара медициналык бет капчан белгисиз адам Бишкек шаарында жайгашкан тез татым кафесине кирип келген.

Кылмышкер тапанча менен мекеменин кассирин коркутуп, 63 миң сом акча каражатын алып, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Бишкек шаарынын Биринчимай РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренесинин (Каракчылык) негизинде сотко чеийнки иликтөөлөрү башталган.

25-февраль күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун 1983-жылы туулган Б.А. кармалган.

«Кармалган жаран мурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс менен) 97-берене (Адам өлтүрүү) менен 104-беренеси (Адам өлүмүнө алып келген саламаттыкка оор залал келтирүү) боюнча соттолгон. Туугандарынын үйүнүн кампасын текшерүүгө алганда газ-травматикалык тапанча табылып алынган. Кармалган жарандын карактоого тиешеси бардыгы далил заттар аркылуу аныкталды. Б.А. аттуу жаран Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда ушул сыяктуу башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы териштирилип жатат.

Бөлүшүү