Ошто жер титиреди

Автор -

Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  28-февраль күнү саат 10:55те Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Алай районунун Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга, ал эми Арча-Булак айылында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бөлүшүү