Баткенде мыйзамсыз алынып келинген 10 тоннадан ашык жүзүм кармалды

Автор -

Баткен бажысынын кызматкерлери тарабынан Кыргызстанга мыйзамсыз жол менен алынып келген 10 тоннадан ашык жүзүм кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Төрт-Гүл суу сактагычынын жанынан Лейлек-Баткен авто жолунда “DАF” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа токтотулган. Аны Ю.Ш.Э. аттуу жаран башкарып келе жаткан.

[ads-quote-center cite=’деп айтылат маалыматта.’]«Унааны текшерүүдө желим кутуларга салынган 10 тонна 132 кг жүзүм аныкталды. Ал товардын тийиштүү кагаздары болгон эмес. Бул факт каттоого алынып, материалдар Баткен облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди»,[/ads-quote-center]